Чек ара жаңжалынан жабыркаган 60 үй-бүлө жаңы үйлөргө ээ болушту

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат айылында 60 үй-бүлө жаңы үйлөргө көчүп киришти. Ал эми өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Лейлек жана Баткен аймактарында жабыркагандар үчүн 140 жаңы үйдүн курулуш иштери бүткөрүлүп, пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу облустагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн белгилүү болду.

Максат айылы менен катар Арка, Интернационал жана Сада айылдарынын жабыр тарткан тургундары үчүн жаңы үйлөрдүн курулушу уланууда. Жалпысынан Лейлек районундагы чек ара жаңжалы учурунда 100 үй өрттөлүп, анын 60ы толугу менен кайра курулуп, пайдаланууга берилди.

Мындан тышкары чек арадагы айылдардын инфраструктурасына көңүл бурулуп, жакшы демилгелер ишке ашууда.

Белгиленгендей, жаңы үйлөр СИП-панелдеринен курулууда. Бул материал менен курулуш иштери тез убакытта бүтүп, пайдаланууга бат берилет. Мындай үйлөрдүн сапатына кепилдик берилет жана алар Баткен облусунун климаттык шарттарына туура келээри айтылууда. Кыргыз өкмөтү жабыркаган айылдарды тез арада калыбына келтирүү үчүн 700 миллион сом бөлдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.