Чек ара жаңжалына байланыштуу Лейлектин үч тургуну абакка кесилди

Баткендеги чек ара жаңжалына байланыштуу кармалган Лейлектин үч тургунуна сот өкүмү чыкты.

Куралдуу кагылышта кыргызстандыктардын үй-жайын талап-тоноого шек саналгандардын иши Баткен облусунун Лейлек райондук сотунда 21-сентябрда каралды.

15-сентябрдагы отурумда Тажикстандын эки жараны – Абдурозик Каххоров менен Аскар Юнусов өмүрүнүн аягына чейин камалган. Аларды Кыргызстандын күч органдары быйыл майда кармаган.

Быйыл апрелдин аягында жана майдын башында болгон Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагындагы куралдуу жаңжалда эки тараптан ондогон жаран каза болуп, үйлөр жана башка объектилер өрттөлгөн. Эки өлкөнүн күч органдары кылмыш иштерин ачкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.