Чек ара: Тажикстандагы сүйлөшүүлөр аяктады

Тажикстандын Согди облусунун Гүлистан шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Кыргызстандын  делегациясын – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Тажикстандын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча кызуу пикир алмашуу жүрдү.

Делегация жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелериндеги долбоордук линиянын өтүүсүн сүрөттөп жазууну мындан ары карай активдештирүү зарылдыгы тууралуу өз-ара толук түшүнүшүүсүн билдирди.

Кеңешме алкагында укуктук маселелер боюнча жумушчу топтордун жана топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу орун алды, анын жүрүшүндө адистер кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселесин талкуулоону улантышты.

Өткөн кеңешменин алкагында чектеш аймактардагы конфликттик абалдардын келип чыгышынын алдын алуу боюнча өз-ара аракеттешүүнү ишке ашыруу максатында Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин жана Согди облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзоданын жолугушуусу өттү, анда Баткен облусунун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Эки мамлекеттин чектеш аймактагы облустары жана райондору ортосундагы активдүү кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, ошондой эле чектеш райондордун калкынын ортосунда достукту, өз-ара түшүнүшүү жана ишенимди чыңдоонун зарылдыгы баса белгиленди.

Тараптардын макулдашуусу боюнча кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны Кыргызстанда өтөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.