Чек ара: Тараптар аскер күчтөрүн алып кетүү боюнча макулдашты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов 5-июнда кыргых-тажик чек арасынын нейтралдуу аймагында кездешти.

Камчыбек Ташиевдин айтымында, сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки тараптуу протоколго кол коюлган. Кандай келишимдерге кол коюлганы боюнча маалымат кийинчерээк расмий түрдө берилет.

Эске салсак, кечээ 4-июнда тажик аскерлери Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы тактала элек аймакка контейнер орното баштаган жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келгени айтылган.

Кырдаалга байланыштуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев шашылыш түрдө Чоң-Алайга учуп барган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.