Чек ара кызматы: Тажикстан тактала элек аймакка аскердик техникаларын алып келүүдө

Тажикстан Чоң-Алайдагы чек аранын тактала элек аймагына аскердик техникаларын топтой баштады. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти.

“Тажик тарап кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегацияларынын буга чейин жетишилген баардык келишимдерин бузду”, – деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев шашылыш түрдө Чоң-Алайга жөнөп кеткендиги айтылган.

Ал эми чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө жайгашкан кыргыз чек ара кызматынын бөлүктөрү күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтүштү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.