Чек ара кызматы тажик тарап жайгаштырган жабдууларды көрсөттү

УКМКнын чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасынан Тажикстан контейнер жайгаштырган видеотасманы таратты.

Кадрларда кран контейнерди кантип орнотуп жатканы көрсөтүлгөн.

Эске салсак, тажик тарап бүгүн саат 03: 00дө Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы чек аранын белгисиз бир бөлүгүнө Кыргызстандын аймагынын 1 миң метр тереңдигине чейин кирип, контейнерди орното баштаган. Саат 6.00гө карата тажиктер орнотулган контейнерден 600 метр алыстап кетишкени айтылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.