Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча билдирүү жасады

Бүгүн 19-майда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү, саат 12.30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө абал туруктуу деп маалымдады.

2021-жылдын 18-майында, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Унжу-Булак айыл аймагында, Кыргызстандын Ош багытындагы жана Тажикстандын Ляхш багытындагы чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Анын жыйынтыгында, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тозоттору мамлекеттик чек араны Унжу-Булак аймагындагы чек аранын аталган бөлүгү эл аралык юридикалык каттоодон өтмөйүнчө өткөрбөйт деген чечим кабыл алынды.

Биргелешип күзөтүү тараптардын макулдашуусу боюнча гана жүргүзүлөт.

Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан УКМКнын чек ара бөлүмдөрү кадимкидей нөөмөттө турушат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.