Чек ара кызматы: Чек арадагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу

Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу УКМКнын  чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.   

Анда белгиленгендей, тиешелүү кызмат адамдары ошол жерде болуп, кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык чараларды көрүп жатышат.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан УКМКнын чек ара аскер кызматкерлери  күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.

Эске салсак, тажик тарап бүгүн саат 03.00дө Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы чек аранын тактала элек тилкесине, Кыргызстандын аймагына терең кирип, 1 миң метрге чейин контейнерди орното баштаган. Саат 06.00гө карата тажиктер орнотулган контейнерден 600 метр алыстап кетишкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.