Чек ара: Камчыбек Ташиев шашылыш түрдө Чоң-Алайга жөнөп кетти

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы кырдаалга байланыштуу шашылыш түрдө Чоң-Алайга жөнөп кетти.

Бул тууралуу Ташиевдин жардамчысы Өткүрбек Рахманов “Фейсбук” баракчасына маалымат таратты.

“Бизге жеткен айрым маалыматтарга караганда, кыргыз тажик чек арасындагы абал кескин курчуду. Тажик аскерлери Чоң -Алай тараптан кайрадан чек араны жарып өтүү аракетин жасаган. Тажикстан тараптан диверсиялык аракеттер түнү бою токтогон жок”, – деп айтылат маалыматта.

УКМКнын төрагасы шашылыш түрдө Чоң- Алайга “Альфа” атайын бөлүгүн алып учуп кеткен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.