Чек ара чырынан 13 адам каза болуп, жарадар болгондордун саны 134кө жетти

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуулардан жаракат алгандардын саны 30-апрель, саат 07:50гө карата 134 адамга жетти. Алардын ичинен 13 адам каза болду.

Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Жабыркаган 25 адам Баткенден атайын борт менен Бишкектеги травматология жана ортопедия изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жеткирилди. Эки жабырлануучунун абалы оор, калгандарынын абалы болсо орто оордукта жана салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.