Чек ара: Баткен жана Согди облустарынын жетекчилери жолугат

Акыркы үч күн ичиндеги чек арадагы окуяларга байланыштуу бүгүн, 18-декабрда саат 16:00дө Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын башчыларынын жолугушуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки облус башчылары Акрам Мадумаров менен Раджоббой Ахмадзода чек ара аймактарында жашаган жергиликтүү эл арасында чыгып жаткан турмуштук чыр-чатактарды жөнгө салуу жолдорун сүйлөшүшөт.

Учурда чек ара аймактарында абал турукташып, эрте менен орун алган кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жөнгө салынды.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.