Чек ара аскер кызматкерлери батирлүү болушту

Президент Садыр Жапаров кечээ, 28-майда, Ош шаарында Коргоо министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматынын аскер кызматкерлерине батирлерди тапшыруунун салтанаттуу аземине катышты, деп президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы өзүнүн куттуктоо сөзүндө кыргыз элинин муундан муунга өтүп келе жаткан негизги өзгөчөлүгү, улуттук мүнөздүн өзгөчөлүгүнө айлангандыгын – Мекенди жана анын элин коргоого өзгөчө басым жасады.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ар кандай чакырыктарга жана коркунучтарга жооп берүүгө жөндөмдүү улуттук армия түзүлдү. Ошол эле учурда куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн даярдык деңгээлин жогорулатуу боюнча бир катар маанилүү тапшырмаларды аткаруу керек.

Ошол эле учурда, мамлекеттин эң маанилүү жана артыкчылыктуу милдеттеринин бири – аскер кызматкерлерин толук социалдык камсыздоо. Эң маанилүү маселе – аскер кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу.

Биздин көңүлдүн борборунда аскер кызматкерлери үчүн турак жай куруу милдети турат. Биз калктуу конуштарда жана шаарларда турак-жай куруу менен гана чектелип калбастан, чек ара жана алыскы аймактарда кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлерибизге турак жай сатып алууга жана үй курууга шарт түзүп жатабыз. Бул маселени чечүү үчүн жеңилдетилген ипотекалык насыяларды берүү, каржылоо булактарын издөө жана мыйзамдарды шайкеш келтирүү тапшырмасы берилди », – деди президент.

Садыр Жапаров баса белгилегендей, аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн курулган 216 батир пайдаланууга берилди.

«Бул иш-чара армиянын кадыр-баркын, ошондой эле аскер кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык абалын жогорулатууга багытталган узак мөөнөттүү мамлекеттик программанын кичинекей бөлүгү гана. Ошол эле учурда, жаңы аскер шаарчаларын куруу, учурдагы аскердик объектилердин жана шаарчалардын учурдагы инфраструктурасын жакшыртуу абдан маанилүү. Каржылык кыйынчылыктарга карабастан, мамлекет куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт ”, – деди мамлекет башчы.

Аскер кызматкерлерин жаңы үйлөргө кириши менен куттуктап, президент батирлердин бардыгы заманбап технологияларды жана курулуш тармагындагы жетишкендиктерди колдонуп, ыңгайлуу жашоо үчүн бардык талаптарды жана ченемдерди эске алуу менен курулгандыгын баса белгилеп, жаңы конуштун жашоочуларна ден-соолук, бакыт, бакубат жашоо жана узак өмүр каалап кетти

Батирлердин ачкычтарын тапшыруунун салтанаттуу аземинде, бир катар өзгөчөлөнгөн аскер кызматкерлери КРнын президентинин жеке сааттары менен сыйланышты.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров аталган үйлөрдү көрктөндүрүү үчүн президенттин резервдик фондунан 300 миң сомго сертификат тапшырды.

Белгилей кетсек, аскер кызматкерлеринин социалдык жана турмуш-тиричилик көйгөйлөрүн чечүү максатында Ош шаарында 9 кабаттуу үч турак үйдүн курулушу жүргүзүлгөн.

Аталган үйлөрдөгү батирлерге бардык коммуникациялар өткөрүлүп, газ плиталары жайгаштырылган. Үйлөр Ош шаарындагы ТЭЦтин борбордук жылытуу тутумуна туташтырылып, жаңы модификациядагы лифттер орнотулган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.