Чек ара: Акыркы сааттарга алынган маалымат

Баткен районунун Ак-Сай айылында, Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында, учурда абал туруктуу. Бирок чыңалуу бар. Эки тараптан тең топтолгон жарандар тарай элек.

Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Анда маалымдалгандай, жеринде ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Маруфхан Тулаев баш болгон жергиликтүү бийлик органдары жана күч түзүмдөрү кырдаалды курчутпоо аракетинде, ыкчам иш аракеттерди жүргүзүүдө.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругуна ылайык чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.

Ал эми Баткен районунун жарандык коргонуунун башчысы, аким тарабынан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Тургундар коопсуз жайларга көчүрүлүүдө.

Окуядан жалпы төрт жаран жараат алган, алардын үчөөнө таш тийген, бирөөсү октон жараат алган. Таш тийген эки жаран Самаркандек аймактык ооруканасына жаткырылган, бирөөсүнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Ок тийген жаран Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген.

Учурда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.