Чек ара аймагында жашаган 11 миңден ашуун адам эвакуацияланды

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө  бир күн мурун атышуу болгон чек ара аймагынан жалпысынан канча жаран эвакуациялангандыгы айтылды.

Облус администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Лейлек районунан 10 миңден ашуун адам, ал эми Баткен облусунан 1,5 миңге жакын адам чыгарылды.

“Алар Баткендеги атайын уюштурулган пункттарга жайгаштырылган же туугандарыныкына барышкан”, – деп айтылат маалыматта.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.