Чечен мушкери калыстар татыксыз ыйгарган жеңиштен баш тартып, кыргыз атаандашына жол берди

Чеченстанда өткөн эрежесиз уруш мелдешинде кыргыз мушкери Адилет Нурматов менен жергиликтүү мушкер Шадид Абдурахманов менен кез келди. Бул тууралуу super.kg жазды.

Беттештин басымдуу бөлүгү кыргыз мушкеринин үстөмдүгү менен өтүп, бир топ ыкмаларды, соккуларды ишке ашырууга үлгүрдү. Жадакалса беттештин комментаторлору да калыстардын чечимин күтпөстөн Нурматовдун жеңүүчү болгонун белгилеп жатышты. Бирок беттештин калыстары жеңишти чечен мушкерине ыйгарып, алып баруучу Абдурахмановдун атын атады. Бул арада калыс Адилет Нурматовдун колун көтөрүүгө жетишти.

Шадид Абдурахманов өз кезегинде жеңиштен баш тартаарын, татыктуу жеңишке кыргыз мушкери жеткендигин ишарат аркылуу калыстарга билдирди. Жыйынтыгында калыстар өз чечимин өзгөртүп, жеңишти кыргыз мушкерине ыйгарышты.

Беттештен кийин кыргыз мушкери социалдык тармактагы баракчасы аркылуу күйөрмандарына ыраазычылык билдирип, атаандашынын чыныгы мырзага таандык иш-аракет кылганын белгиледи.

“Мени колдогон мага ишенгендердин баарына ыраазычылык билдирем. Жакындарыма, досторума экинчи атам болуп калган машыктыруучума рахмат айтам. Буюрса, алдыда дагы көп жеңиштер болот. Атаандашыма өзгөчө ыраазычылык айтам. Ал чыныгы мырза экенин көрсөттү”, – деп жазды Нурматов.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.