Чаткалда жол талашып урушкандардын бири каза болду

10-январь күнү саат 03:00 чамасында Чаткал районунун Терек-Сай айылында Бишкек шаарынын туургуну, 1988-жылы туулган Койчиев Уланды аталган айылдын жашоочусу Аскат аттуу жаран белгисиз  ок атуучу курал менен көкүрөк тушуна атып жиберген. Натыйжада, ок тийген жаран Ала-Бука райондук ооруканага жетпей  каза болгон. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБнын басма өз кызматы билдирди.

Бул факты боюнча ыкчам тергөө тобу түзүлүп, тиешелүү кызматкерлер окуя болгон жерге барышкан. Оперативтүү иликтөө иш-чараларынын  жыйынтыгында шектүү катарында, Терек-Сай айылынын тургуну кармалды.

“Окуя, пикир келишпестиктин натыйжасында келип чыккан. Шектүү мас абалда болгондуктан автоунаасындагы Иж 16 калибирлүү сайсыз кош ооздуу ок атуучу куралы менен жүргүнчү катарында бара жаткан У. Койчиевди көкүрөк тарабына аткан. Андан соң, кылмыш болгон жерден качып кеткен”-деп айтылат маалыматта.

Учурда адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.