Чаткалда сел болуп, ички чарбалык жолдор жабылды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар айыл аймагында кече күнү саат 20:00 чамасында катуу жааган жаандан ички жолдор жабылды. Жунус айылындагы жылгадан сел жүрүп, Сумсар айылынан Шакафтар айылына баруучу ички чарбалык унаа жолдун 4 метр жерин жууп кеткен, ошондой эле Жунус айылында 1 турак үйдүн сарайын сел каптаган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан сырткары Кызыл-Коргон айылынан Лагерь айылына баруучу унаа жолдун 8-10 метр аралыгын каптап, 1 көпүрөнүн капталын сел суулары агызып, жол каттамы жабылган.

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 самосвал тартылып, Сумсар айылынан Шакафтар айылына баруучу ички чарбалык унаа жол тазаланып, бир тарапту ачылган. Ал эми Кызыл-Коргон айылынан Лагерь айылына баруучу унаа жол №17 жол тейлөө ишканасы тарабынан бүгүн кечке чейин калыбына келтирүү пландалууда.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.