Чаткалда муктаж он үй бүлөгө азык-түлүктөр таратылды

Чаткал районунун Кызыл-Токой айылындагы муктаж он үй-бүлөгө 30 миң сомдук азык-түлүк, күнүмдүк керектелүүчү буюмдар жана шириндиктер таратылды. Демилге айыл имамы тарабынан көтөрүлүп, жергиликтүү тургун Чолпонкул Сапаркулов тарабынан каржыланды.

“Айылдагы муктаж үй-бүлөлөрдү чогултуп, жардам берүүнү чечтик. Аларга өтө чоң жардам бере албасак да күнүмдүк тамак-аш менен камсыздаганга аракет жасадык”,- деди айылдын имамы Кубаныч ажы Токонов.

Ошондой эле айылдагы 19 жаштагы мүмкүнчүлүгү чектелген кызга да өзүнчө жардам берилди. Ал өз алдынча баса албагандыктан көп убакытысын сыналгы көрүп өткөрчү. Ар кандай кызыктуу тасмаларды алып, бирок көрүүгө DVD керек болчу. Демөөрчүлөр анын тилектерин да орундатышты.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz