Чаткал: убактылуу тергөө абагына киргизилген 15 балага активистер акча жыйнап жатышат

Учурда, ыктыярчылар тарабынан  тергөө абагына кигизилген балдарга акча жыйналууда. Бул тууралуу жергиликтүү активист Кылыч Шанаев билдирди.

Анын айтуусунда жер-жерлерде ыктыярчылар акча жыйноо иштерин алып барышууда. Чогулган каражат кармалган балдардын жакындарына тапшырылат.

Буга чейин, Чаткалдагы “Эти Бакыр Терек-Сай” алтын кенинде ИИМдин атайын багыттагы “Шумкар” полкунун 3 кызматкери жергиликтүү тургундар тарабынан сабалган.

Бул боюнча бейбаштык жана бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү беренелери менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары Терек-Сай айылынын 15 тургуну кармалган. Алардын баш коргоо чарасын Жалал-Абад шаардык соту аныктап, эки жана бир ай мөөнөттө  тергөө абагына камалган.

3-декабрьда чаткалдыктар митингге чыгып, кармалгандарды бошотуу талабын койгон. Учурда эл тарабынан камалгандар үчүн каражат чогултулууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген