Чаткал районунда кармалган тургундардын 13ү үй камагына чыгарылды

Чаткал районунун Терек-Сай айылында атайын даярдыктагы отряддын үч аскерин сабады деп кармалган жергиликтүү тургундардын 13ү үй камагына чыгарылды.  1 жаран бир ай мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул туурасында Жалал-Абад облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин, 5-ноябрда “Эки Бакыр Терексай” ишканасын кайтарып турган атайын даярдыктагы отряддын өкүлдөрү малын айдап келүүгө барган кишини сабап салышканы айтылган. Ачууланган айылдыктар чогулуп атайын багыттагы отряддын 3 аскерин уруп салышкан.

Кийинчерээк, окуяга катышкан 16 кишини милиция кармап кеткен.

4-декабрь күнү Жалал-Абад шаардык соту Терек-Сай айылынын алты тургунун эки айга, онун бир айга тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган.

Айыпталуучулардын жактоочулары шаардык соттун чечимине макул болбой, облустук сотко кайрылышкан.  Мындан улам бул иш 17-декабрда кайра каралып, 13 тургун үй камагына чыгарылып, 1 жаран бир ай мөөнөткө тергөө абагына киргизилген.

Кармалган кишилердин тарапташтары аларды бошотууну талап кылып митингге чыгышкан. Мындан сырткары, бийлик өкүлдөрүнө да кайрылууларды жиберип, кармалгандарды чыгаруу үчүн активистер акча да чогулткан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.