Үч өлкөнү бириктирген темир жол курулат

Кыргыз, өзбек жана кытай темир жол каттамынын багыты аныкталды. Аталган каттам Торугарт,  Достук,  Жалал-Абад аймагы аркылуу жүрүп, эки өлкөгө түз багыт алат. Жолдун узундугу республика аймагында 432 чакырымды камтып, жүргүнчүлөр үчүн токтоочу жайлар ачылаары үч өлкөнүн жумушчу тобунун жолугушуусунда пландалган.

2017-жылдын декабрь айында Ташкентте өткөн жумушчу топтун жолугушуусунда поезд Нарын облусунун Торугарт-Арпа, Ош облусунун Кара-Суу аймагы аркылуу өтүп, жалпы узундугу 278 чакырым болоору экинчи вариант катары сунушталган.

Экономика илимдеринин доктору, профессор Кубанычбек Идиновдун айтымында, поезддин ишке кириши менен бүткүл Европа өлкөлөрүнө жол ачылып, экономикалык жактан өтө пайда алып келет.

Кыргызстан поезд жолду куруу аркылуу туризм тармагын жандантат.  Анткени европалыктар темир жол менен үч өлкөгө саякаттоого мүмкүнчүлүк алышат. Андан тышкары мамлекеттин казынасына да  маршруттук каттам үчүн салык түшөт.

ЖК депутаты Абдывахап Нурбаевдин билдирүүсүндө, темир жолдун ачылышындагы эң негизги пайда- түндүк менен түштүктүн биригүүсү.

“Инвесторлорду тартканга мүмкүнчүлүк пайда болот. Ошондой эле транзиттик мамлекет катары Өзбекстандан Кытайга кеткен товарлардан бизге акча түшөт,”- дейт Нурбаев.

Азырынча темир жолдун долбоору гана иштелип чыгып, аны куруу иштери качан башталаары белгисиз бойдон калууда. Өкмөттүн билдирүсүндө, курулушка кеткен каражатты Өзбекстан бөлүп берет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.