Үч-Коргондогу жер талашка 10 жылдан бери чекит коюла элек

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Сулайманабад айылынан 7 гектар жер мыйзамсыз сатылып, ижарага берилген. Бул тууралуу жергиликтүү активист Роза Маманова баштаган тургундар билдирип чыгышты. Алар бул иштерге айыл өкмөт башчысы Ахмаджан Абдурахмановду айыптап жатышат. Абдурахманов болсо өзүнөн кийин келген жетекчилер жерге байланышкан документтерди жасалмалаганын айтууда. Маселени азыр Жогорку сот карап жатат.

Роза Маманованын айтымында айыл өкмөттөгү жер бөлүштүрүүгө байланыштуу мыйзамсыз иштер 2005-жылы болгон. Анын маалыматында ошол жылы Үч-Коргондо жалпы 60 гектар жерди элге бөлүп берүү боюнча токтом чыккан.

“36 кишиге ошол жылы жер бөлүнүп берилген, алар мамлекеттик актыларды алышкан. Бирок бүгүнкү күнү бул жерлерге ээлик кылууга укугунар жок деп Ахмаджан Абдурахманов кайра элге каршы чыгып жатат. Кийин билсек, бул жерлерди ал башка адамдарга ижарага берип салыптыр. Бул боюнча биз УКМК, ИИМ, Башкы прокуратурага чейин кайрылганбыз жерлерди кайтарып бергиле деп. Бирок жыйынтык болбоду”, – дейт Роза Маманова.

Ал кошумчалагандай, Сулайманабаддын 36 тургунунда 9 сотыхтан жерге мамлекеттик актылары бар, бирок 10 жылдан бери иш жүзүндө тилкеге ээлик кыла албай жүрүшөт. Анткени ушул эле жерлер башка адамдарга 5 жылдык мөөнөткө ижарага берилип кеткен.

Үч-Коргондун айыл өкмөт башчысы Ахмаджан Абдурахманов Роза Маманованын айыптоосун четке кагууда. Абдурахманов өкмөт башчы болуп азыр үчүнчү жолу иштеп жатат. Алгач 1999-жылдан 2005-жылдын 3-декабрына чейин кызматта турган. Экинчи жолу 2012-16-жылдары иштеп, быйылкы шайлоодо кайрадан депутаттардын колдоосун таап, кызматын улантууда.  Жер талаш боюнча чыр Абдурахманов айыл өкмөт башчылыктан биринчи жолу кеткенден бери уланып келет.

“Айылдыктардан жер тилке бөлүп берүү боюнча арыздарын 2002-жылдан кабыл ала баштадык да, эки жылда тизмеге 111 киши киргизилет. Мен 2005-жылы 3-декабрда кызматтан кеттим. 17-декабрда Аваз Мадазимов ордума келди. Чырдын баары ушундан кийин башталды. Мадазимов, жергиликтүү кеңештин депутаттары Салижан Сулайманов, Акимжан Сулайманов болуп алышып  менин тушумда түзүлгөн жерге кезек боюнча 111 кишиден турган тизмени таптакыр өзгөртүп,  114 адамдан турган жаңы тизме түзүшөт”, – дейт Абдурахманов.

Анын айтымында тизмени өзгөрткөн соң Мадазимов, Сулаймановдор мөөр менен кол тамганы жасалмалоо жолу менен жер тилкелерин жаңы тизмедеги адамдарга сатып жиберишкен.

“Өзгөртүлгөн тизмеде менин колум турат. Кол тамгамды да, мөөрдү да жасалмалашкан. Кийин мен 2012-жылы кайра бийликке келгенде Роза Маманова, Сулаймановдор прокуратурага кайрылып, менин үстүмдөн текшерүү болду. Булар жана Мадазимов ошол жасалмаланган иштерди мага төңкөп, элге мени жерди сатты кылып көрсөтүп, чагымчыл аракеттерди башташты”,  – деп түшүндүрдү айыл өкмөт башчысы.

Абдурахманов талаштуу жер тилкелерин сот аркылуу мамлекеттин балансына кайтарган. Маселе бир жактуу чечилгенче жер тилке дыйкандарга убактылуу ижарага берилген.

“Мамановалар мени жер тилкесин башкаларга ижарага мыйзамсыз берип салган деп жатпайбы. Бул негизсиз. Бул жерлер мурда деле ижарага берилип келген, азыр да ижарада. Анткени бош жаткандан көрө казынага акча түшүп турушу керек. Тыйын менин жеке чөнтөгүмө түшүп жаткан жок. Маселе биротоло чечилгенде, албетте, тилкелер жарандарга үй салууга берилет”, – дейт Абдурахманов.

Абдурахмановдун сөзүн Кадамжай райондук прокуратурасы да тастыктайт. Көзөмөл органы мыйзамсыз сатылган жана ижарага берилип кеткен деп Үч-Коргон айылынын тургундарынан келген арыз боюнча текшерүү жүргүзгөн. Прокуратура Ахмаджан Абдурахмановго каршы далилдерди таппаган соң эч кандай чара көргөн эмес. Ал эми жер талашты мыйзам боюнча соттор карашы керек болгон үчүн маселени териштирүү фемида өкүлдөрүнө өтөт.

“Үч-Коргон айылынын тургундарына 2005-жылы 9 сотыхтан бөлүнүп берилген. Бул иштер Баткен облустук сотунда каралып, Ахмаджан Абдурахмановго каршы эч кандай мыйзам бузууну тапкан эмес. 2005-жылы бөлүнүп берилген жерлер мамлекеттин балансына кайтарылып, мамлекеттик актылар жокко чыгарылган. Себеби 190-токтомду кайрадан текшерип, тизмени текшергенибизде, Үч-Коргон айыл тургундары өз атына жер, мамлекеттик актылары бар экендигин билбегендиги маалым болгон. Бул боюнча айыл тургундары арыздарды жазып беришкен”,- дейт Кадамжай райондук прокурорунун орун басары Азат Темирбаев.

Баткен облустук сотунун бул чечимине макул болбогон Роза Маманова, Сулаймановдор Жогорку сотко кайрылышкан. Бирок жогорку инстанция белгилеген төрт отурумга тең аппеляция берген тарап келген эмес. Эми акыркысы 16-июнда өтөр турган болуп жатат, буга да Маманова, Сулаймановдор келбесе, анда Баткен облустук сотунун чечими күчүндө калтырылат.

Роза Маманова болсо Жогорку соттогу отурумдарга катыша албай жатышканына каржынын жоктугу себеп дейт.

«Биз, карапайым эл соттун адилеттүү чечим чыгарышын каалайт элек . Абдурахманов ушул күнгө чейин жер беремин деп айрымдардан 300 – 500 миң сомдон жыйнап алган. Мен Баткен облусунда болгон сотко барганмын, ал жерде сот Абдурахмановдун пайдасына чечип, элдин мамлекеттик актыларын жокко чыгарган. Акыркы сот 16-июнга калтырылды, ал Бишкекте болот, биз жөнөкөй эл болсок, ал жакка барганга акча каражатыбыз жетишпейт”,- дейт Роза Маманова.

Үч-Коргон айыл аймагында 2005-жылы КР Өкмөтүнүн токтому менен 60 гектар жер трансформацияланган. Анын 7 гектар жери азыр талаштуу болуп жаткан Сулайманабад айылына караштуу. Үч-Коргондогу 12 айылда 32 миң адам жашайт. Жер алуу үчүн кезекте тургандардын саны 3,5 миң кишиге жетет.

Макаланын автору: Атабек Арипов

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.