Үч-Коргон-Кербен унаа жолундагы жашоочулардын короо-жайы чаңга толуп жатат

Аксы районундагы Үч-Коргон-Кербен унаа жолунун бир чакырым жерине эки жылдан бери асфальт төшөлбөй турат. Аталган жолдун бул бөлүгү өткөн жылдын күз айларында башталып, кыш келгиче бүткөрүлүшү  эле. Бирок айрым себептер менен токтоп калган курулуш али жандана элек. Мындай кайдыгер иш жүргүзгөн тийиштүү мекемелерге жергиликтүү тургундар нааразы болуп чыгышты.

Аталган жол Үч- Коргон менен Кербенди гана байланыштырбастан, андан ары Ала-Бука,Чаткал райондоруна барат. Райондор аралык жол болгондуктан, унаалардын каттамы тыйылбай, күнү –түнү өткөн транспорт каражаттары жолго жакын жашоочулардын короо-жайын чаңга толтурууда.

“Жол ушунчалык чаң болгондуктан, эки унаа өтүп кетсе, үчүнчүсү карайлап жолду таппай калат”,- дейт Үч- Коргон айылынын жашоочусу Калманбет Итибаев.

Бир чакырым жолду эки жыл асфальттайт дегенди алгачкы жолу көрүп жаткан жергиликтүү тургундардын наарзычылыгы күч. Анткени республикалык казынадан керектүү болгон 4,5 миллион сом бөлүнүп берилген. Бирок ушул күнгө чейин болгону 350 метр жерге гана асфальт төшөлдү.

“Менин кызматка келгениме 2 айдын жүзү болуп жатат. Жумушка киришкен күнүмдөн баштап эле ушул маселе менен кайрылышат. Чаңдан тышкары жамгыр жаап өткөндөн кийин пайда болгон жол чуңкурлары да бизди түйшөлтөт. Тиешелүү жерлерге кат аркылуу да, телефон аркылуу да байланышканбыз . Азырынча жооп жок”,- дейт аталган айыл аймактын башчысы Ырысбек Бабаназаров.

Курулушту көзөмөлдөө №12 жол тейлөө мекемесине жүктөлгөн. Алар былтыр тендер аркылуу “Авангард-Ико” деген фирмага ишти тапшырган. Бирок асфальттоо иши башталганда керектүү курулуш материалынын жоктугунан жумуш токтоп калган. Ал эми адистердин айтымында, күздө гана курулуш материалдары жетишсиз болуп, ал эми жазда ишти улантканга толук мүмкүнчүлүк бар болгон.

“Фирма жумушту эмнеге токтотуп турат билбейм. Кат менен эки жолу кайрылганбыз, жооп жок”,- дейт №12 Жол тейлөө ишканасынын башкы инженери Жоро Тайлаков.    

2017-жылы бүтүшү керек болгон Үч-Коргон-Кербен жолунун бир чакырым бөлүгү дагы канча убакытка чаңга көмүлүп турушу белгисиз. Анткени жашоочулар эле эмес, жоопкерчиликти алган жол курулушчулар да качан башталаарын билишпейт.

Сюжет: Кабылбек Көчкөнбай уулу, Шайыр Зайырбек уулу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген