Чүйдө жер алып берүүнү убадалап элден акча алып жүргөн жаран кармалды

Чүй облусунун жашоочусу чала таанышы ага кыймылсыз мүлк алып берүүнү убадалап, ири өлчөмдөгү акча каражатын алып кеткендиги тууралуу укук коргоо кызматкерлерине кайрылган. Жалпысынан шектүү 1000 АКШ доллары менен 92 миң сом акча каражатын алып, качып кеткен. Бул тууралуу ИИМнин басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары Жалал-Абад облусунун 1997-жылы туулган Б.Р. аттуу жараны кармалган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, шектүү мурун бир нече жолу соттолгон.

Учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүрүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген