Чүйдө отунга үнөмдүү мештерди куруу модага айланды

Чүй облусунун аймагында отунга үнөмдүү болгон очокторду салуу модага айланып, эл арасында буюртма кылгандар көбөйдү. Бул тууралуу очок менен мештерди салган уста Максат Абакиров билдирди.

Максаттын айтымында ал жыл башынан бери 180ге жакын очок салган. Буюртма көп болгондуктан үйгө барган учурлары деле аз болуп калган. Мындай очокторду азыр аймакта Хельветас Свисс Интеркооперейшн уюму тарабынан уюшулган социалдык долбоордун алкагында окуп үйрөнгөн усталар салууда.

Уюштуруу иштерин “Айылдык жаштарга кесип үйрөтүү” (кыскача АВЕП”)  коомдук фонду аткарууда.

Алардын айтымында мындай очоктор отунду эки эсе коротуп, кожоюндун капчыгына бир топ эле пайда алып келет. Очокту бир, эки, үч көздүү кылып  жасап алса болот. Өзгөчөлүгү буга чейинки очоктордо оттун жалыны негизинен морго кетип, казанга бир аз бөлүгү (40-50%) гана тийип калса, бул очоктордун жалыны казанга толук тиет.

Натыйжада казан тез ысып, чакан эле чырпыкка тамак бышырып алса болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген