Чүйдө машина сууга кулап, ата-бала каза болду

7-ноябрда кечки саат тогуздар чамасында жеңил автоунаа Чоң  Чүй каналына кулап кеткен. Машинада беш кишиден турган бир үй-бүлө бараткан эле.  42 жаштагы айдоочу менен 6 жаштагы уулу окуя болгон жерде жан берди.  Бул тууралу ӨКМден билдиришти.

Маркумдун аялы менен беш жаштагы кызы жана 18  жаштагы уулу унаадан башкалардын жардамысыз чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Куткаруучулар каза болгон ата-баланын сөөгүн чыгарып, милицияга өткөрүп берди.

Сүрөттө Чоң Чүй каналы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген