Чүйдө көзөмөл өткөрүү пункту ишке кирди

Чүй облусундагы кыргыз-казак чек арасында жайгашкан “Кең-Булун автожол”  көзөмөл-өткөрүү пункту ишке берилди. Пункт суткасына 700 автоунааны жана 5000 адамды өткөрүүгө ылайыкташкан.

“Мурдагы жылдарга салыштармалуу чек ара кызматкерлеринин иштөөсүнө жакшы шарттар түзүлүп жатат. Өкмөт мамлекеттик чек ара кызматына өзгөчө көңүл бурат. Акыркы жылдары өлкөнүн бардык аймагындагы мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу жана аларга бардык шарттарды түзүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө”, – деди өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков.

“Кең-Булуң автожол”  көзөмөл-өткөрүү пунктун модернизациялоого 26,5 млн сом каражат сарпталды. Мындан сырткары бүгүнкү күндө “Ак-Тилек автожол”  көзөмөл-өткөрүү пункттарын реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Алардын курулуш иштери жакынкы аралыкта аягына чыгат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.