Үч эсе көп бал. Алайлыктар кандай аарыны багып жатат?

Алай районунда адаттагыдан эки-үч эсе көп бал берчу аарылар багылып жатат. Аарыларды асылдаштыруу үчүн буфердик зона түптөлгөн. Мында таза кандуу эне аарылар аргындаштырылып, балчыларга сатылат. Дүйнөлүк практиканы “Бай Алай” программасы колго алган. 

Жергиликтүү аарылар 25 килограммга чейин гана бал топтойт. Ал эми буфердик зонадагы карпат аарыларын бакса, бир бал челектен эле 50-80 килограммга чейин түшүм алынат.

“Табигый аарыларга салыштырмалуу мунун түшүмдүүлүгү жакшы.  Жергиликтүү аарыларга караганда жоошураак келет, шапкасы жок деле караганга болот. Түшүмдүүлүгү өтө жогору. Азыр көпчүлүк кызыга баштады. Кардарларыбыз 100дөн да ашты. Жаңы баштагандары 20дан ящик алып келип, породалуу аарыларды алып кетип жатышат”,- дейт Алай районундагы буфердик аймактын жетекчиси Таалай Каныбек уулу.

Ыгын тапса аарычылык кирешелүү ишкерлик. Өнүктүрүп кетүүгө багыт менен колдоо гана  керек. Түрткү берүү максатында “Бай Алай” балчылардын башын бириктирген кооператив түзгөн.

“Кооперативде 25 адам мүчө. Бизге караштуу устакана менен магазин бар. Ошол жактан балчылар керектүү буюмарды арзандатылган баада алышат. Ошондой эле цехте жасалган заманбап бал челектерди да жеңилдетилген наркта алышат”,-дейт  “Алай тоо асели” кооперативинин жетекчиси Улан Тайлаков.

Кооператив таза балдын көлөмүн көбөйтүп, экспортко чыгууну максаттаган. Күтүлгөн жыйынтык азырынча жаман эмес. Бирикме түптөлгөн жылы эле 12 тонна бал алынган. Алдыда көлөмдү үч эсеге көтөрүү планы бар. Сыртка чыгарууга да учурда  келишимдер түзүлүп жатат.

Кыргызстандын балы акыркы он жылдан бери 150 мамлекеттин ичинен сапаты жагынан жогору деп табылып келет. Ошентсе да, өлкө өндүрүмү дүйнө рыногуна массалык түрдө чыга элек. Европа базарларын бүт камтыганга биринчиден көлөм жетишсиз, экинчиден сапатты тастыктоочу сертификатты алуу түйшүк.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген