Быйылкы окуу жылы кандай тартипте башталат?

“Жарандык дипломатия” коомдук фондунун демилгеси менен биз бул ирет пандемия шартында аралыктан билим алуу, артыкчылык жана көйгөйлөрүнө саресеп салабыз.

Жаңы окуу жылы кандай тартипте башталары коронавируска каршы эмдөө көрсөткүчүнө байланыштуу болот. Маселен, вакцинаны билим берүү министрлигинин 70 пайызынан кем эмес курамы алганда, салттуу режимде башталат. Өкмөттүн токтомуна ылайык, бала бакчадан тарта жогорку окуу жайдын мугалимдери негизи жыл сайын жугуштуу илдеттерге каршы эмдөөдөн өтүп туруусу абзел. Бул эле эреже тарбиялануучу, окуучу, студенттерге да тиешелүү.

Июль айынын аяк ченине карата 30 миңден ашуун педагогикалык кызматкерлер эмдөөдөн өттү. Жалпы билим берүү тармагында 130 миңден ашуун педагогдор эмгектенет. Эгерде вакцина алуу процеси солгун жүрсө, окуу жылы онлайн режимде башталып калуусу ыктымал.

Министрлик азыркы пандемия шартында бала бакчаларда ар бир тайпада 10го чейин балдар тарбияланышы керек деп билдирди. Биринчи кезекте ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген ата-энелердин, күч органдарында иштеген жарандардын балдары тоскоолдуксуз кабыл алынат. Ал эми мектептер кадимкидей тартипте иштей турган болсо, ооруп калган окуучуларга үйдөн онлайн окууга уруксат берилет.

Жогорку жана орто кесиптик окуу жайларына кабыл алуу онлайн формада жүрдү. https://2020.edu.gov.kg/ порталын колдонуу үчүн мектеп бүтүрүүчүлөрүнө  логин жана пароль берилген. Анын  негизинде порталга катталып, абитуриенттер тандоонун турларына катышып жатышат. Бардык сынактардан ийгиликтүү өткөн абитуриенттердин өздүк документтери санитардык талаптарды сактоо менен салттуу режимде кабыл алынууда. 

Өткөн жылдын март айынан тарта пандемия шартында билим берүү электрондук негизде жүргөн. Күтүүсүз жагдай жана билим алуунун жаңыча ыкмасы боюнча жарандар түрдүүчө пикир билдиришти. Айрымдары үйдөн чыкпай туруп билим алуу кыйынчылык жаратканын айтышса, калганында өзгөрүүлөр байкалган эмес.

Жаштарды өнүктүрүү институту 2020-2021-окуу жылы аяктагандан соң онлайн билим берүүнүн жүрүшү боюнча мониторинг жүргүздү. Социалдык тармактын үч миңдей колдонуучуларынын жана жарандардан интервью алуу аркылуу пикирлери топтолгон. Анда жаштардын,  ата-энелеринин ою эске алынган.

Сурамжылоого катышкандардын 59 пайызы интернет жок же сапаты начар болгон учурлардан улам сабакка катышуу кыйынга турганын билдиришкен.

Аралыктан окутууда эмне тартыш болду деген суроого респонденттердин 70 пайызы уюлдук телефон, компьютер жетишсиз деп жооп беришкен.

Ошондой эле, дистанттык окуу үчүн эмне керек дегенде 1 773 адамдын жообу уюлдук телефон зарылдыгын көрсөтүштү.

Видео сабактар тууралуу ата-энелер жана окуучулардын 70 пайызы түшүнүүгө жеңил, канааттандырарлык деп айтышты. Бирок, ар бир бешинчи адам эфирден берилген графиги ыңгайлуу коюлбаганын билдиришкен.

Сурамжылоого катышкандардын 100 пайызы аралыктан билим алууда WhatsApp мессенжерин колдонгонун белгилешкен.

Онлайн билим берүү системасы балдардын деңгээлине кандай таасир этти деген суроого ата-энелердин 33 пайызы так жооп бере алышкан эмес. 25 пайызы балдардын көрсөткүчү жакшырганын билдирген. Ата-энелердин 28 пайызы өзгөрүүлөрдү байкаган эмес.

Эгерде билим берүү жаатында суролоор болсо, министрликтин https://edu.gov.kg/  расмий сайтынан маалымат алууга болот жана 12 22 тынымсыз байланыш номери ишейт.

Макаланын видео версиясы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.