Быйыл Жалал-Абад шаарынын бюджети былтыркы жылдан 4 млн сомго аз өлчөмдө бекитилди. Видео

Жалал-Абад шаарынын 2020-жылга бюджети бекитилди. Бюджетти бекитүүгө багытталган жыйынга шаардагы 31 депутаттын бир бөлүгү катышкан жок.

Чогулушка келген депутаттардын катышуусу менен шаардын быйылкы таза кирешеси 409 млн сом деп бекитилди. Аталган сумманын басымдуу бөлүгү адаттагыдай эле курулуш тармагына жумшалаары белгилүү болду.

Жыл сайын бир нече пайыздан алдыга өскөн жергиликтүү бюджет быйыл эмнегедир артка кетти. Өткөн жылы шаар бюджети 413 млн сомго аткарылган.

Жалал-Абад шаары республикадагы үчүнчү ири шаар. Жыл сайын калаанын инфраструктурасын жакшыртууга бюджеттин басымдуу бөлүгү жумшалат.

Жалал-Абад шаарынын бюджетин бекитүү тууралуу тасманы төмөндөгү видеонун 8-11-мүнөттөрүнөн көрсөңүздөр болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген