Быйыл жаңы окуу жылы кандай башталат? Расмий жооп

Кыргызстанда жаңы окуу жылына байланыштуу маселе билим берүү чөйрөсүнүн кызматкерлерин эмдөөнү жана эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен чечилет. Бул тууралуу кеңейтилген маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда окутуунун форматына байланыштуу маселе дагы да болсо министрликтин кароосунда турат.

«Окуу процесси кандай форматта (салттуу же онлайн) болору жөнүндөгү акыркы чечимди биз эки шартты: билим берүү кызматкерлеринин 70%ын эмдөөнү жана жеринде эпидемиологиялык абалды эске алуу менен кабыл алабыз»,-деди ал.

Мындан тышкары, министрдин орун басары бүгүнкү күндө министрликте эпидемиологиялык абал дыкат көзөмөлдөнүп жатканын белгиледи.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.