Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу төрөлүү 15 миң 117ге азайып, өлүмдүн саны көп катталды

2020-жылдын 9 айында былтыркы жылга салыштырмалуу ымыркайлардын төрөлүүсү 15 миң 117ге аз катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан белгилүү болду.

2020-жылдын 9 айында Кыргызстанда 114 миң 823 ымыркай жарыкка келди. Бул өткөн жылдын 9, ушул мезгилине салыштырмалуу 15 миң 117ге аз.

Мамкаттоонун статистикасына ылайык, ымыркайлардын эң көп төрөлүүсү Ош, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында катталган.

Ал эми ушул жылдын 9 айында 27 679 өлүм катталса, өткөн жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча 24 610 адамдын өлүмү катталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген