Быйыл Ошто ипотекалык багытта эки көп кабатуу үй салынат. Батирлер кимге берилет?

Ушул жылы Ош шаарында ипотекалык багытта эки көп кабатуу үй салынат. Курулуш былтыр берилип бүткөн ипотекалык батирлердин алгачкы төлөмдөрүнөн түшкөн акчанын эсебинен каржыланат. 150 батирлүү эки көп кабаттуу үй бүткөрүлсө, Ош шаарынын бардык тургундарына батир алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бул ирет басым бюджеттик кызматкерлерге гана эмес, төлөөгө шарты бар үйгө муктаждарга да жасалат.

Учурда Ош шаарында турак-жайга муктаж  6 миңден ашуун адам бар. Адистердин айтымында, үй сурап кайрылбаган жарандардын саны расмий катталгандан алда канча көп.

Ош шаардык мэриясы бюджеттик кызматкерлерге Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамдирекциясы курган үйлөрдү ипотекага берүү токтомун 2014- жылы кабыл алган. 2015-жылдан баштап бөлүштүрүлгөн 367 батир былтыр толук берилип бүттү. Быйыл эми баштапкы төлөмдөн түшкөн 160 млн  сомдон  ашуун каражатка дагы эки көп кабаттуу үйдүн курулушу башталганы турат.

Он кабаттан турган үйлөр Тилекке Баатыр  жана Райымбеков көчөлөрүнө түшөт. 150 батирден турган курулуш  2018-2019-жылдар ичинде бүткөрүлөөрү пландалган.

Эске сала кетсек, Ош шаардык мэриясынын алдында жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаменти түзүлүп,  400 үй аталган департамент аркылуу шаарда иштеген кызматкерлерге 6 пайыздык үстөк менен 12 жылга ипотекага берилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген