Быйыл Ош шаарынын бюджети 20 пайызга көбөйдү

Бүгүн,5-февраль Ош шаарында 2019-жылга карата бюджетинин долбоору коомдук угууда талкууланды. Быйыл калаанын бюджети  былтыркыга салыштырмалуу 20 пайызга көбөйдү.

Маалыматка ылайык, былтыры 940 млн сом болгон. Бул жылы көрсөткүч 1 млрд  237 млн сом болду.

Мындан сырткары калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов шаардык кеңештин сессиясында көмүскө салыктар 60 пайызды түзүп жатканын, аны ачыкка чыгара турган болсо бюджет көбөйө турганын баса белгилеген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген