Ош облусунда быйыл 40 объект пайдаланууга берилет

Быйыл 2019-жылда курулушу бүтбөй калган 40 объект бүткөрүлүп, толук түрдө пайдаланууга берилет. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыганан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган курулуштар 2019-жылы аягына чыкпай калган. Аларды бүтүрүү 2020-жылдын планына киргизилди.

Ал эми төмөндөгү 5 курулуш объектилери акча каражаты каржыланбай калгандыктан быйыл бүткөрүлөт.

Алар:

  • Кара-Кулжа районунун Кара Кочкор айылында курулуп жаткан маданият үйү. Сметалык баасы 29923,5 миң сом;
  • Кара-Кулжа районунун Сары-Бээ айылына курулуп жаткан мектеп. Сметалык баасы 39278,7 миң сом.
  • Ноокат районунун Кара-Таш айылында курулуп жаткан балдар бакчасы. Сметалык баасы 56401,9 миң сом.
  • Өзгөн шаарында курулуп жаткан №6 А. Новои атындагы мектеп. Сметалык баасы 85112,0 миң сом.
  • Алай районунун Ленин-Жол айылында курулуп жаткан спортзалы. Сметалык баасы 18047,9 миң сом.

Белгилей кетсек, 2019-жылы Каржы министирлиги тарабынан «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча  741 миллион 328,4 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.