Быйыл Ош менен Баткенде 80 миң “Акылдуу эсептегич” орнотулат

2020-жылы Ош жана Баткен облусунда жалпысынан 80 442 “Акылдуу электр эсептегич” орнотулат. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ошэлектр” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган эсептегичтерди орнотуу иштери март айынын аягына пландалып жатат. Анын баасы мамлекеттик сатып алуу мыйзамы боюнча аныкталат.

“Бул эсептегичтерди орнотуунун негизги максаты – керектелген электр энергиясын жана кубаттуулугун так өлчөө. Ошондой эле бул өлчөмдөрдү сактоо мүмкүнчүлүгүн камсыздоо жана ташуучу менен керектөөчүнүн ортосундагы эсептөөлөрдү жүргүзүү максатында маалыматка ээ болуу. Мындан сырткары керектелүүчү энергияга жана кубаттуулукка талдоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү чоң мааниге ээ. Кээде 1-2 ай энергия керектөө режимине талдоо жүргүзүү, керектелген электр энергияга карата мекеме тарабынан уюштурулган жумуштарында олуттуу катачылык кетирилгендигин байкоого мүмкүнчүлүк түзөт”, – деп билдиришти басма сөз кызматынан.

“Акылдуу эсептегичтин” негизги артыкчылыктары:

  • Ар бир абоненттин электр энергиясын керектөө эсебин өз убагында эсептөө;
  • Эсептегичтердин техникалык абалына жана алардын бузулушуна байкоо жүргүзүү;
  • Электр энергиясын жоготууларды аныктоо;
  • Эсептегичтердин сезгичтигин жана тактык классын жогорулатуу;
  • Түйүндөрдү тейлөөгө жана эсептерди жазууга кеткен чыгымдардын деңгээлин төмөндөтүү;
  • Абоненттердин иштетилген электр энергиясы үчүн өз убагында төлөө жоопкерчилигин жогорулатуу;
  • Уурдоо фактыларына өз убагында бөгөт коет;
  • Адам факторун чектөө менен эсептегичтердеги көрсөткүчтөрдү бурмалоосуз алууга болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген