FB Twitter YouTube Одноклассники

Быйыл катталган табият кырсыктарынын саны рекорддук чекке жетти. Инфографика

2017-жыл Кыргызстандын тарыхында табият кырсыктары эң көп катталган жыл катары калмай болду. Беш айда эле тогуз жылда болчу жер көчкүлөрү орун алды. ӨКМ маалыматында, өлкө сейсмикалык аймакта жайгашкан, 8-9 балл жер силкинүүлөр болуп турат.  Республика боюнча  көчкү жүрүү ыктымалдыгы бар 5 миң жер аныкталган. Бул табият кырсыктары боюнча кооптуу тилкелердин толук тизмеси эмес.

Республикада, айрыкча түштүк аймагында сейсмикалык активдүүлүктүн уланышы. 2016-жылы 13 миңден ашык сейсмикалык кыймылдар катталган. 2017-жылдын январынан бери эле 20 жолу 3-5 балл болгон жер титирөөлөр катталган.

Сейсмология институту билдиргендей, быйыл Кыргызстанда 5-6 баллдык жер титирөөлөр орун алып турат. Антыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен архитекторлор турак-жайларды силкинүүгө туруштук берчүүдөй кылып салууну эскертишет. 

1990-жылдан 2016-жылга чейин (26 жылда) республика боюнча 518 жолу жер көчкү катталса, 2017-жылдын 20-майын чейин 158 жолу жер көчкү катталган, бул 9 жылдык көрсөткүчкө барабар.

Азыр табият кырсыктарынан жабыркаган жана кооптуу аймактардан алдын ала көчүрүлгөн 10 миңдей адам чатырларда жашап жатышат.  Алардын 4,5 миңи же 800дөй үй-бүлө Ош облусунун Өзгөн районунда. Мындан сырткары райондун Аюу-Сай айылында катталган көчкүдөн үй-жайсыз калган 29 үй-бүлө мобилдик үйлөргө жайгаштырылган.


Алай районундагы 24 үй жер көчкү коркунучунда делип, 17 бүлө (99 адам) чатырларда күн кечирүүдө. Дагы 7 үй-бүлө чатырда жашоодон баш тарткан. Кара-Суу районунда 1 үй-бүлөгүн 8 мүчөсү чатырда жашап жатат. Жер титирөө катталган Чон-Алай районуда 549 чатырда 542 үй-бүлө жашап жатат. Андагы тургундардын саны – 3140. Аймакта 7 чатыр ФАПтын ордуна тигилген. Кара-Кулжа районунда жер көчкүдөн жабыркаган 9 кожолук (54 адам) чатырда жашоого аргасыз. Жалал-Абад облусунда 49 чатыр тигилген.

 

 

Башкы сүрөт: Азаттык

 

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz