Күндүн саны: быйыл көмүрдүн баасы 25 % га кымбаттады

Учурда Ош облусунда бир тонна көмүрдүн баасы беш жарым миңден сатылууда. Бул 2017-жылдын күз айына караганда 25 пайызга кымбат. Муну сатуучулар,  көмүр казган карьерлердеги баанын көтөрүлгөнү менен байланыштырып жатышат.

Суук түшүп келе жатканда бул акчалар карапайым калктын чөнтөгүнө туура келеби, кара алтындын быйылкы баасы канчага жетет? Бул суроолорго жооп алуу максатында “Ынтымак” тийиштүү мамлекеттик органдарга кайрылып көрдү.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги, көмүрдүн баасынын жогорулап кеткени боюнча жергиликтүү бийликке кайрылуу жолдонгонун  билдирди. Аталган кызмат бийликтен көрсөтмө келсе эле баанын көтөрүлүшүнө чектөө койгонго киришет.  Ал эми Ош шаардык мэриясы бул боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.

Ал арада шаар тургундары кымбат баадагы көмүрдү ала албай жатышкандарын айтып чыгышты.

” Былтыры эле бул убакта төрт миң үч жүз, төрт миң беш жүздөн алып жатканбыз. Мына эми быйыл дагы эртерээк арзан убагында алып койойун деп келсем кымбат айтып жатышат. Азыр эле ушунча кымбаттап жатса кышында кандай болот билбейм”,- дейт Ош шаарынын тургуну Таалай Тажиков.

Учурда Ошто жол бою тизилип көмүр саткан унаалар жүздөп саналат. Баанын көтөрүлгөнү кардарларга гана эмес сатуучуларга да таасирин тийгизген. Арзандатсак чыгымды каптабайт, кымбат болгондуктан кардарлар да жок дейт көмүр ташыгандар.

Адистердин айтымында 90 күндүк чектөө киргизүү үчүн көмүр өлкө боюнча бир ай аралыгында 20 пайыз кымбатташы керек. Ошондо гана жергиликтүү бийликт жогорку тарапка сунуш билдирип, Экономика министрлиги монополияга каршы күрөшү агенттигине көрсөтмө берет.

Былтыркы жылы өлкө аймагында сатылуучү көмүрдүн баага мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө токтомго кол коюлган. Маалымат боюнча атайын токтомдун негизинде 90 күн ичинде көмүрдүн баасы көзөмөлдөнүп турат. Эгер алып сатуучулар коюлган баага баш ийбесе аларга административдик айып пул салынат.

Эске салсак, былтыр кара алтындын 1 килограммы  Ош облусунда 4, 5 сомдон башталып кышында 7 сомго жеткен.

 

 

 

 

 

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген