Бузуулар жөнүндө кодекстин аткарылуусун кайсы кызмат көзөмөлдөйт?

Жогорку Кеӊеште мамлекеттик органдардын ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү максатында иштелип чыгып, бир катар укук коргоо жаатындагы бир катар мыйзамдарды өз ара шайкеш келтирүүгө багытталган “КР Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, Өкмөттүн өтүнүчү жана баардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков укук коргоо жаатындагы жаӊыдан күчүнө кирген мыйзамдарда бир катар кемчиликтер кетирилгенин белгилеп, бара-бара алардан арылуу зарылдыгын, парламент өкмөттүн бул багыттагы демилгелерин колдоп, биргелешип иш алпарууга даяр экенин айтты.

“Бизге мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштеген мыйзамдар керек”, – деп кошумчалады ал.

Депутат Рыскелди Момбеков кезинде мыйзамдын долбоору бир күн укук коргоо органдарында иштебеген эксперттер тарабынан иштелип чыкканын, алар мыйзамга бөлүнгөн 200 млн сом каражатты жеп кеткенин эске салып, мыйзам долбоорундагы коомчулукту дүрбөлөӊгө салган айтылуу “түкүрүк” үчүн 5,5 миӊ сом айыппул каралган жобонун кийинки тагдырына кызыкты.

“Айыппулдун өлчөмү эч качан эмгек акыдан көп болбошу керек. Дегеле, мыйзамдан жанагы “түкүрүк” сыяктуу түшүнүктөрдү алып салыш керек, шылдыӊга калабыз”, – деди ал.

Вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков “түкүрүк” үчүн айыппул азыр 8-категориядан “бейбаштык” беренесиндеги 1-категорияга которулганын, айыппулдун өлчөмү 1000 сомду түзө турганын билдирди.

 “Өкмөт жаӊыдан күчүнө кирген укук коргоо жаатындагы ченемдик укук актыларына тийиштүү өзгөртүүлөрдү март айында парламенттин кароосуна киргизет. Мыйзамдарда көптөгөн кемчиликтер бар экен, азыр анын үстүндө иштеп жатабыз”, – деди ал.

Андан тышкары, жол кыймылына, тагыраак атканда, жолдо жүрүүнүн техникалык регламентке байланыштуу тартип бузуу жоболорун өз ара шайкеш келтирүүгө багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору да Өкмөттүн өтүнүчү жана баардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Бул мыйзам долбоору аркылуу “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга жана Бузуулар жөнүндө кодекске бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси сунушталууда.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 1-январынан тарта укук коргоо жаатындагы 5 кодекс жана 2 мыйзам – КР Кылмыш-жаза кодекси, КР Жоруктар жөнүндө кодекси, КР Жазык-процесстик кодекси, КР Жазык-аткаруу кодекси, КР Бузуулар жөнүндө кодекси, “Пробациялоо жөнүндө” жана “Мунапыс негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдар күчүнө кирген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген