БУУнун башкы катчысы Кыргызстандагы кырдаал боюнча эмне деди?

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерреш Кыргызстандагы болуп жаткан кырдаал боюнча кайрылуу жасады. Анын кайрылуусун башкы катчынын өкүлү Стефан Дюжаррик чет элдик басылмаларга билдиргенин super.kg жазды.

“БУУнун Башкы катчысы каза болгон адамга кайгырат. Ошол эле учурда, болуп жаткан окуянын бардык катышуучуларын сабырдуулукка жана зордук-зомбулуктан алыс болууга чакырат”, – деген Дюжаррик.

Анын айтымында, Гутерреш Кыргыз өлкөсүндөгү окуянын катышуучуларын бир чечимге келүүгө чакырат. Өз кезегинде, БУУ учурдагы кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө багытталган аракеттерди колдоого даяр.

Митингде жаракат алгандардын так саны жана абалы айтылды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген