Бусурманкул Абдибаит уулу кезектеги жеңишине жетти

Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу Оруссиянын М-1 уюмунда  3-жеңишине жетти. Кечээ Ингушетиянын Назрань шаарында М-1 Сhallenge 99 турнири өткөрүлдү. 

Кеченин негизги урушунда мекендешибиз 66 кг салмак категорияда Орусиялык тажрыйбалуу мушкер Залимбек Омаровго каршы рингге чыкты. Эки мушкердин кармашы беш мүнөттөн, үч раундга уланып, жыйынтыгында Бусурманкул упайлар эсебинде жеңүүчү болду.

Ошентип кыргызстандык мушкер М-1 турниринде үчүнчү жеңишин колго киргизди жана карьерасындагы 11-жеңишине жетти. Эми ал М-1 турниринде чемпиондук кур үчүн уруш өткөрөт.

Кошумчалай кетсек, кечээ ушул турнирде дагы бир кыргызстандык мушкер Турсунбек Асылгазиев рингге чыгып ийгиликсиз болду.  Ал 73 кг салмак категорияда  жергиликтүү балбан Лом-Али Нальгиев менен урушуп, упайлар аркылуу жеңилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген