Бурятияда алты кыргызстандык кулчулукта жүргөн

Бурятияда Кыргызстандын алты жараны кулчулукта кармалган. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, июнь айынын башында Иркутск шаарындагы Кыргызстандын элчилигинин кеңсесине республиканын төрт жараны Мухоршибир районунун Шаралдай айылында мыйзамсыз кармалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Белгилүү болгондой, кыш мезгилинде алар келишимдик негизде Бурятияга келишип, жергиликтүү дыйкан чарбасына жумушка орношушкан. Кыргызстандыктарга бир мекендеш ортомчулук милдетти аткарган. Эмгек шарттары жана эмгек акы жөнүндө макулдашууга карабастан, иш берүүчү алардын паспортун тартып алуу менен укугун бузган.

Документтер Бурятиядагы ички иштер министрлигинин жардамы менен 14-июнда кыргыздарга кайтарылды. Эртеси эле республикага келген алты жарандын үчөөсү чарбадан чыгып кетишти. Ал эми 18-июнь күнү дагы үч адамды ал жерден алып чыгышкан. Азыр алар Улан-Удэ мейманканаларынын биринде. Жергиликтүү диаспоралар аларга керектүү жардамдарды көрсөтүп жатышат.

Бул факт боюнча республиканын укук коргоо органдары тергөө алдындагы текшерүүнү жүргүзүп жатышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.