#Бурулай. Ошто кыз ала качууга каршы жөө жүрүш өтүп жатат

Ушул тапта жөө жүрүш  шаардык борбордук көчөлөрүн, эл көп чогулган жайларды аралап өттүдө.  Аны Ош шаарынын 20га жакын жаш активисттери “Жаңы толкун” коомдук бирикмесинин көмөгү менен уюштурган. 

Уюштуруучулардын бири  Айнагүл Аматбекова буларга токтолду:

“Жөө жүрүштүн максаты – кыз алуу качууну токтотуу. Анын салт эмес, кылмыш экенин элдерге түшүндүрүү  болуп саналат. Ошондуктан биз жаштар өзүбүз чогулуп, кыздарга, жалпы эле аялзатына болгон зордук-зомбулукту токтотуу керек экендигин айтуу үчүн чогулдук”. 

Колдоруна плакат көтөргөн жаштардын жүрүшү Ленин көчөсүнөн башталды. Андан ары “Навои” эс алуу багынан уланып, “Алымбек Датка” эс алуу жайында жыйынтыкталат.

Бул иш-чараны уюштурууга 28-май күнү Бурулай Турдалы кызынын милиция бөлүмүндө өзүн ала качкан жигиттин колунан мыкаачылык менен курман болгону себеп болгон. Үрөй учурган бул окуя Кыргызстандагы кыз-келиндердин укуктарынын сакталышын, кыз ала качуу маселесин кайрадан  көтөрүлүшүн шарттады.

Кыз ала качууга, аялдарга карата зомбулукка каршы акциялар өлкөнүн ар кайсы район-шаарларында да өтүп  жатат.

Сүрөт: Клооп

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген