Бул сүрөттөрдөн жашоо сезилет. Кыргызстандыктар ливандык сүрөтчүнү тамшантышты

Ливандык сүрөтчү Омар Реда жакында эле Кыргызстанга келип кетти. Анын эмгектери National Geographic, Daily Mail, Petapixel, Buzzfeed  жана башка көптөгөн басылмаларда жарык көргөн. Омардын  Instagram`дагы баракчасына караганда сүрөт чебери өз саякатына ыраазы болуп кеткен.

“Ынтымактын” өнөктөшү – “Мейкин Азия онлайн” атактуу автордун эмгектерин көрүп чыкты.

Сүрөтчүнүн таасирлери тууралуу анын блогунан окуса болот. Омар Реда өзү кезиккен адамдар тууралуу суктануу менен жазды:

“Кыргызстан – Борбор Азиянын баалуу ташы. Айыл жерлерине барсаңыз, кооз жаратылышка суктанасыз. Жашыл дөңсөө жана тоолор туш тараптан курчап турат: Microsoft Windows`тун иш үстөлүнө коюлган сүрөттөрдүн арасында сейилдеп жүргөндөй болосуң.

Бул асман тиреген пейзаждар, балким, кыргыз элинин жыргалчылыгынын сырыдыр. Кайсы жакка барбайын, көчмөндөрдүн оор жашоо образына карабай, баары бактылуу жылмаюу менен тосуп алышты. Кыргыздардын дагы бир өзгөчөлүгү – оттой жанып турган көздөрү, жергиликтүү тургундардын ар бирин көзү мени таң калдырып жатты. Көздөр бул адамдардын айыпсыздыгын жана оор басырыктуулугун чагылдырып турат.

Кыргызстан – ар бир адам барышы керек болгон жер. Бул жакта жылкылар жашыл шиберде чуркап жүрөт, бул – сиздер музей же мейманканаларда көрүп жүргөн жандуу пейзаж. Кетээриңиз менен кайра артка кайткыңыз келип, бул жакта бир өмүр калгыңыз келет”.

Эми сүрөттөрдү сунуштайбыз.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz