Буга чейин 9 сом болгон. Чаткалда көмүр 6 сомдон сатыла баштады

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда элге сапаттуу арзан көмүр жеткирүү иштери башталды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан билдиришти.

Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаевдин айтымында, бүгүнкү күндө Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарына жалпы 80 тонна көмүр алынып келинди. Анда бир мүшөк көмүрдүн баасы 220 сомдон сатылмакчы. Көмүр алгач калктын жардамга муктаж аялуу катмарына, андан кийин жалпы калкка бөлүштүрүлөт.

“Жеткирилген көмүрдүн тоонасы 5,5, 6 миң сомго чейин сатылат. Буга чейин облустун алыскы районунда көмүрдүн тоннасы 9 миң сомго чейин сатылып келген”, – деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү бийлик элге жеңилдик түзүү максатында, көмүр жеткирүү иштерин дагы да улантары айтылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.