БШК: Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

БШК добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 6-октябрда КРнын БШКсы 2020-жылдын 4-октябрда өткөн Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды.

VII чакырылыштагы депутаттарды шайлоо 4-октябрь күнү өттү. Шайлоонун таза өтпөгөнүнө нааразы болгон оппозициячыл партиялар кечээ, 5-октябрда борбордук аянтка тынчтык митингине чыгышып, шайлоонун жыйынтыктарын тааныбастыгын билдиришкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген