БШК: Шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы кечки саат 9да белгилүү болот

Шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы бүгүн, 10-январда кечки саат 9да белгилүү болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын(БШЕ) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, кечки саат 8ден 10го чейинки аралыкта БШКга добуш берүүнүн жыйынтыгынын 85%ы келип түшүшү керек.

БШК берген акыркы маалыматка ылайык, президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоого жалпы 330 миң 609 шайлоочу, ал эми башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга 329 миң 049 адам добуш берди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.