БШК Президенттикке талапкерлердин документтерин текшере баштады

Борбордук шайлоо комиссиясы(БШК) президенттикке талапкерлердин документтерин текшере баштады.

Маалым болгондой, документтерди текшерүү иши 18-ноябрга чейин уланат. Текшерүү учурунда документтен кандайдыр кемчилик табылса, анда БШК тарабынан 24 сааттын ичинде талапкерге маалымдалат. Мындай учурда талапкерге документин экинчи жолу тапшыруу үчүн 48 саат берилет.

Өлкө башчылыкка ат салышкан жарандарды каттоону БШК 15-ноябрь күнү токтоткон. Ага 63 жаран арыз берди.

Президенттик шайлоого 63 жаран аттанды, анын сегизи аял кишилер. Тизме

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген