БШК: Депутаттарды кайра шайлоо мөөнөтү бир айдын ичинде белгилүү болот

БШК Парламенттин VII чакырылышындагы депутаттарды кайра шайлоо мөөнөтүн бир айга жетпеген убакытта белгилейт. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова маалымдады.

Абдрахматова билдиргендей, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга кайсы партиялар себепкер болгону БШК тарабынан иликтенет.

“Ыктыярчылар менен чогуу соцтармактарга жарыяланган шайлоо күнү болгон бардык мыйзам бузуулар тууралуу фактыларды чогулттук. Андан тышкары БШКга түшкөн арыздар бар. ИИМге, Башкы прокуратурага түшкөн даттануулар бар. Ошолордун ар бири каралышы керек. Карап, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себепкер болгон партияларды аныктайбыз. Бул партияларга шайлоо күрөөсү да кайтарылып берилбейт”,-деди БШКнын мүчөсү.

4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өткөн. Ага катышкан 16 партиянын ичинен добуштардын көпчүлүгүн “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан”, “Бүтүн Кыргызстан” партиялары алган.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партия өкүлдөрү 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, ал башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген