Бронхиалдык астма менен ооруган жарандар дары-дармектерди арзандатуу менен ала алышат

Мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында бронхиалдык астмадан жабыркаган бейтаптар сальбутамол, бекламетазон жана преднизалон ингаляторлорун 90 пайызгага чейин арзандатуу менен сатып ала алышат, деп билдиришти милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан.

Алардын айтымында, бронхиалдык астма менен ооруган жарандар эки программанын алкагында жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу укугуна ээ бейтаптардын жеңилдетилген категориясына киргизилген – бул Мамлекеттик кепилдик программасы (МКП), анда бейтаптар дары-дармектерди 90го чейин жеңилдик менен сатып ала алышат, ал эми кошумча программасы боюнча камсыздандыруу статусуна ээ болгон учурда, дары-дармектерди базалык баасынын 50 пайызына чейин арзандатуу менен сатып алууга болот.

Учурда субсидияланган дары-дармектерди сатып алуу үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу же МГП боюнча рецепт, жашаган жери боюнча каттоодон өтүү, камсыздандыруу статусунун же милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин болушу зарыл экендиги белгиленди.

“Бронхиалдык астмадан жабыркаган жарандар дары-дармектерди көрсөтүлгөн жеңилдиктер менен ММК фонду менен иштеген дарыкана тармактарынан гана сатып ала алышат”, – деп билдиришти фонддон.

Нарын жана Баткен облустарынын жашоочуларын кошпогондо, дары-дармектерди электрондук жеңилдетилген рецептер аркылуу сатып алса болоору такталды (кагаздагы рецепттер дагы деле күчүндө болот).

“Бул учурда пациент жергиликтүү дарыгерге рецепт бериле турган маалымат базасына киргизилген ПИН-коддун бар экендигин көрсөтүшү керек (ID-картада көрсөтүлгөн 14 орундуу жеке номер)”, – деп түшүндүрүлдү ММК фондунан.

Мындан тышкары, бейтаптар өздөрүнүн мобилдик номерин, электрондук почтасын көрсөтүшү керек, анда белгиленген рецепт жөнүндө билдирүү келип түшөт, анда анын колдонулушунун саны жана мөөнөтү, ошондой эле ММК фондусунан болжолдуу компенсация көлөмү көрсөтүлгөн.

Суроолор боюнча ММК Фондунун 113 ишеним телефонуна чалсаңыз болот. Бардык мобилдик шаймандардан чалуулар акысыз. Саат 9: 00дөн 22: 00гө чейин. Эс алуу күндөрү – ишемби, жекшемби.

автор: DZh

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.